• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстандын этникалык диаспоралары улуттар аралык ынтымак жана туруктуулукту колдойт

Коом 0

Бишкек, 02.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын этникалык диаспоралары алдыдагы президенттик шайлоолорду эске алуу менен улуттар аралык ынтымак жана туруктуулукту колдойт.

Өзбек улуттук маданий борборунун президентинин милдетин аткаруучу Бактияр Фатахов “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстан анын мекени экенин билдирди. “Улутуна карабастан биз – Кыргызстандын жарандары Кыргызстанды сүйөбүз. Биз өлкөбүздүн өнүгүп, гүлдөшүн, өлкөбүздө туруктуулук жана тынчтык болушун каалайбыз. Биз Кыргызстанды сүйөбүз жана балдарыбыз өнүккөн өлкөдө жашашын каалайбыз”,-деди ал.

Фатахов алдыдагы президенттик шайлоолорго карата талапкерлер ортосунда атаандаштык байкалып жатканын белгиледи. “Алар күчтөрү менен эмес, программалары, платформалары менен таймашып, алардын атаандаштыгынан эч ким жапа чекпегенин каалайт элек. Биз баарыбыз шайлоо тынч өтүп, өлкөдө туруктуулук болушуна тынчсызданабыз. Биз расмий түрдө калкка кайрылып, чагымдарга алдырбай, тынч болууга чакырабыз. Биз - Кыргызстандын мекенчилдери. Эгерде биз татыктуу президентти шайлай алсак, анда биз укуктук мамлекетти түзө алабыз. Баарыбыз балдарыбыздын өнүккөн өлкөдө жашашын каалайбыз, учурда биздин милдет- өлкөнү алга жылдырган татыктуу мамлекет башчысын шайлоо”, - деди өзбек улуттук маданий борборунун президентинин милдетин аткаруучу.

Ал кыргыз менен өзбек бир тууган эл экенин баса белгиледи. “Эки өлкөнүн мамилелери оңолуп, бекемделе баштады. Бул достукту эч ким буза албайт. Биздин маданиятыбыз, тарыхыбыз жана ишенимибиз бир. Биз бул достукту чыңдаган, өлкөнү жаркын келечекке алып барган татыктуу президентти шайлашыбыз керек”, - деп ырастайт ал.

“Гармония” Орус маданий борборунун вице-президенти Семен Поляков калкты чын жүрөктөн учурдагы президенттин саясатын улантуучу татыктуу талапкерге добуш берүүгө чакырды.

“Иттипак КР” уйгурлар коомунун төрагасы Артык Хаджиев бир дагы шайлоодо кан төгүүгө болбой турганын белгиледи.

“Өлкө маанилүү окуянын алдында турат. Биз Кыргызстандын президентин шайлайбыз. Бул адам ким болору бизге баары бир эмес. Биз баарыбыз гүлдөп өнүккөн өлкөдө жашагыбыз келет. Ачык жана адилет шайлоо өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлдү. Бир дагы шайлоодо кан төгүүгө болбойт”, - деп билдирди А.Хаджиев.

“Иттипак” башчысы шайлоо өтүп кетет, а бищ жашоону улантарыбызды эскертти. Саясатчылар да улуттар аралык ынтымак жана туруктуулук – бул абдан маанилүү экенин эсине сакташы керек. Президент бул үчүн жооптуу болот. Кыргызстандын ар бир жараны өзүнүн жарандык милдетин аткарып, татыктуу президентти шайлоого тийиш.

Пикир

Оставить комментарий