• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Катар мамлекети ИИМге компьютер жабдыктарын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти Ички иштер министрлигине компьютердик жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага элчи Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти, ИИМ башчысынын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, ИИМдин борбордук аппаратынын кызматтарынын жана башкармалыктарынын башчылары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сүйүн Өмүрзаков, Катар мамлекетинин көрсөтүп жаткан колдоосу коомдук тартипти камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө зор салымын кошо тургандыгын баса белгиледи.

Андан соң, элчи Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти укук коргоо органдарынын бардык багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий