• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын тигүү өнөр жайы Париждеги көргөзмөдө сунушталды

Коом 0

Бишкек, 02.10.17. /Кабар/. 18-22-сентябрда Кыргызстандын тигүү өнөр жайы биринчи жолу Париждеги (Apparel Sourcing Paris) тигүүчүлүк өнөр жай өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу КРдагы АКШ эл аралык өнүктүрүү Агенттиги (USAID) билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көргөзмө текстилдик-тигүүчүлүк индустриясынын ири окуяларынын бири болуп саналат. Сапар Агенттик тарабынан Кыргызстандын тигүү тармагындагы экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү иштеринин алкагында каржыланды.

14 тигүү ишканасынын өкүлдөрү Европанын чекене түйүндөр адистери менен жолугушуп, Европалык тигүү өнөр жайы, глобалдык атаандаштык тууралуу маалымат ала алышты. Көргөзмөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын делегациясы 50дөн ашуун потенциалдуу кардарлар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий