• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ботаникалык бактагы оранжерея жылуулук менен камсыздалууда

Коом 0

Бишкек, 01.02.18 /Кабар/. 27-28-январдагы ЖЭБдеги авариядан кийин КР Улуттук илимдер академиясынын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багындагы температура кескин түрдө төмөндөп (10 о С чейин) кеткен. Анын айынан оранжереяны жылытуучу батареялар жана ысык суу келүүчү түтүктөр сынган.

УИА басма сөз кызматы билдиргендей, ботаникалык бактын кызматкерлери керектүү температураны кармоо үчүн өзүнүн күчү менен жылытуучу жабдууларды (дизелдик жабдуу жана меш) коюшту.

Сууктан субтропикалык жана тропикалык (монстера, банан, каллдар, филодендрондор, бегониялар, пеларгониялар, фикустар) өсүмдүктөрдүн 30%ы, анын ичинде кактустар, пальмалар ж.б. үшүк алган.

31-январда КР УИАнын президенти М.С.Джуматаевдин буйругу менен Ботаникалык бактын кызматкерлерине жардамдашуу үчүн 20 кишиден турган ыкчам штаб түзүлгөн.

Ыкчам штабдын күчү менен аталган жай толук тазаланып бүттү. Ошондой эле оранжереядагы керектүү делген температураны кармап туруу үчүн 24 сааттык нөөмөт уюштурулууда. Штабдын директору Химия жана фитотехнология институтунун директору, б.и.д. К.Т.Шалпыков.

Андан сырткары оранжереяны жылытуу үчүн КР УИАнын Машина таануу институтунан кошумча жылыткычтар берилди. Ал эми КР УИАнын Президиуму келтирилген чыгымдарды жабуу жана жер семирткичтерди алуу үчүн каржылык жардам катары 50 миң сом бөлүп берди.

Оранжереянын азыркы таптагы температурасы +10 -13 о С.

Пикир

Оставить комментарий