• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Баткендин Таян айылында курулуп жаткан 150 орундуу мектеп быйыл бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Баткен районунун Таян айылында 150 орундуу мектеп курулуп жатат.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө окуу корпустун дубалы тургузулуп,, учурда чатырын жабуу, ички жана сырткы курулуш иштери аткарылууда. Үстүбүздөгү жылы курулушту толук бүткөрүү пландалууда.

Мектеп эки кабаттуу окуу корпустан, өтмө галереядан, ашкана жана спорттук залдан турат, жалпы аянты 1233 чарчы метрди түзөт.

Объекттин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий