• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абаддын кырдаалга кайдыгер карабаган эл өкүлдөрү

Аймак 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин айрым депутаттары түзүлгөн кырдаалга кайдыгер карабай өз жардамдарын көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиршти.

Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрү тарабынан медицина кызматкерлерине 500 даана атайын антисептикалык каражаттар тапшырылып, шаарда орнотулган санитардык-карантиндик посттордогу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине азык-түлүк жардамдарын жеткиришти.

Мында жергиликтүү эл өкүлдөрү коронавирус илдети менен күрөшүүдө өз өмүрлөрүн тобокелге салып, кесиптик милдетин аткарып келе жаткандар медицина жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери экенин белгилешти.

Андыктан бул аракеттердин баары аларга керектүү зарыл шарттарды жаратууга көмөк көрсөтүү менен ооруунун калк арасында жайылуу коркунучун алдын алуу болуп саналаарын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий