• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Канатбек Айдакеев башкармалыктын кызматкерлеринин жана ички иштер органдарынын ардагерлеринин жубайларына «Офицердин жубайы» медалын тапшырды.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 8-март майрамынын алдында милиция кызматкерлерине, ардагерлерге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болушкан, ар дайым милиционер жубайларына колдоо көрсөтүшүп келе жаткан милиционерлердин жубайлары Эльгиза Арзыбекова, Алтынай Идикрамова, Бүбүсайра Орозалиева, Жамила Капарова, Чолпон Токтоева, Гүльнара Жээнбекова сыйланышты.

Бул сыйлык Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеӊеши тарабынан негизделип, кызматтагы жана ички иштер органдарынын ардагерлеринин жубайлары сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий