• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ош облусунун башчысы Талды-Суу айылында жашап жаткан Памирлик кыргыздардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында Ооганстандан көчүп келген Памирлик кыргыздардан кабар алды.

Аталган облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Талды-Суу айылында жашап жаткан Памирлик кыргыздардын көйгөйлөрүн угуп, алар үчүн курулуп жаткан мал сарайлардын курулуш иштери менен таанышты.

Зиядин Жамалдинов жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мал сарайлардын курулушун эртерээк жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды жана тоют маселесинде жардам берүүнү убада кылды.

“Мал кармоочу сарайлар сапаттуу жана стандартка жооп бере турган болушу керек. Ал эми кышында тоют маселесинен көйгөй чыгышы мүмкүн. Айыл өкмөтү, райондук администрация тоют камдоону колго алыңыздар. Мен да четте карап турбай, өзумдүн фондуман каражат бөлүп, тоюттун жетпеген бөлүгүн алып берем", - деди Зиядин Жамалдинов

Мындан сырткары, Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылындагы Памирден келүүчү жарандарга турак-жай куруу үчүн каралып жаткан 30 гектар жер аянт жана планы менен таанышты.

Аталган 30 гектар жер участкасына 163 жаранга турак жай, 275 орундуу мектеп, бала бакча жана 5 көп кабатуу үй курууга шарт түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий