• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Баткенде аялдар үчүн заманбап спорт зал пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорт зал жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, спорт менен машыгууларына шарт түзүү максатында Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айылынын Орто-Сай жерлигинде курулган. Бул жай облуста кыз-келиндер үчүн курулган алгачкы спорт комплекси болду.

Ачылыш аземине катышкан президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев айыл тургундарын кубанычтуу саамалык менен куттуктап, "дени сак эне - дени сак улут", аялдар арасында сергек жашоо образын калыптандыруу аракети мындан ары активдүү уланарын белгилеп, 400 миң сомдук спорттук жабдууларды тапшырды.

Ошондой эле демөөрчүлөр жана "Аялдар тынчтык долбоору" тарабынан 850 миң сомдук, Кыргызстандын айылдык ден соолук комитети тарабынан 750 миң сомдук спорт залга керектүү болгон жабдуулар алып берилди.

Белгиленгендей, спорт залдын курулушуна жергиликтүү бюджеттен, дем берүүчү грант жана демөөрчүлөрдөн, Баткен облусун өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнүп, бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий