• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарында жолдорду оңдоо иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.03.23./Кабар/. Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө жамоо иштери жүргүзүлүүдө, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

“Ош шаардык жолдор башкармалыгы” ишканасынан билдиргендей, июнь айынын башына чейин калаанын бардык көчөлөрү оңдоп түзөөдөн өтөт. Иштин көлөмү 14,5 миң м2.

Учурда Ленин көчөсүн жамап-жасоо иштери алып барылууда. Жумушка 6 атайын техника тартылган.

Пикир

Оставить комментарий