• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында жаңы бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Бүгүн, 13-майда Жалал-Абад шаарында жаңы жеке менчик бала бакча ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ачылуу аземге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, ата-энелер катышты.

"Ийгиликтүү бала” атындагы бала бакча 70 орунга ылайыкташып, жеткинчектерге төрт тилде билим берет.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык, 15 жеке менчик бала бакча бар.

Пикир

Оставить комментарий