• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Президент "Чолпон-Ата" эс алуу үйүн калыбына келтирүүнү тапшырды — Туманбаев

Аймак 0


Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү "Чолпон-Ата" эс алуу үйү толугу менен иштебей, жараксыз абалга келген. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

"Профсоюздар федерациясы иштетип келген пансионатты атайын банкрот кылып, жеке менчикке сатуу планы болгонун жергиликтүү активисттер айтышты", - деди Туманбаев.

Президенттин иш башкаруучусу пансионаттын абалы менен таанышып чыгып, толугу менен жараксыз абалга кептелгендигине өз көзү менен күбө болгон.

"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, аталган пансионатты иштетүү боюнча иш-чаралардын планын түзүү башталды", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий