• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жалал-Абад: Предметтик олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучуларынын арасында өткөн предметтик олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык этаптагы олимпиадага 465 окуучу катышып, 60 окуучу байгелүү орундарга (1-2-3-орун) жетишти. Анын ичинен 34 окуучу олимпиаданын облустук туруна жолдомо алды.

Бүгүн ийгилик жараткан окуучуларды сыйлоо иш-чарасы өттү. Олимпиада жеңүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды.

Ал эми олимпиаданын жыйынтыгы боюнча жеңишке жеткен окуучулардын басымдуусу Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинде, муниципалдык мектептердин арасынан №14 С.Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинде окуйт.

Пикир

Оставить комментарий