• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстан жана Кыргызстан жаштарынын достук мамилелери күчөйт

Аймак 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин жана Өзбекстандын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоциациясынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Өзбекстандын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоциациясынын Кыргызстандагы координатору Исраилжан Хамиджанов, Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков жана Ош шаарынын студенттери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу жол картанын алкагында жаштар үчүн бизнес-форумду өткөрүү, аларды жумуш менен камсыз кылуу максатында өндүрүштүк аймактын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө максаттар айтылып, студенттер үчүн атайын стипендия берүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле, бир катар сунуштар жана ой-пикирлер айтылып, коноктор Ош шаарынын жаштарын шыктандыруу максатында ноутбуктарды жана тигүүчү машиналарды тапшырды.

Жолугушуунун негизги максаты Өзбекстан жана Кыргызстандын жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө, жаштар арасында ар кандай иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү болуп саналат.

Жолугушуу Өзбекстан Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассоциациясы тарабынан 2022-жылдын 15-ноябрында кол коюлган меморандумга ылайык өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий