"Баткенге жардам" штабы чыр чыккан аймакка 65 тоннадан ашык гумжардам жөнөттү

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Баткенге жардам" кайрымдуулук штабы тарабынан Баткен облусуна 65 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 1-майда саат 14:30да жалпы жүгү 20 тонна болгон бир унаа жөнөтүлгөн.

“Саат 24:00дө жалпы салмагы 45 тонна 2 унаа жөнөтүлгөн. Жүк ӨКМдин кызматкерлеринин коштоосунда жүк ташуучу унаа менен жеткирилет. Бардык ыктыярчыларга, активисттерге, камкор жарандарга, коомдук уюмдарга жана бизнес секторунун өкүлдөрүнө гуманитардык жардамды чогултууда жана ташууда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, "Баткенге жардам" республикалык штабы өкмөт тарабынан түзүлгөн. Штаб күнү-түнү жана аптасына жети күн иштейт. Жардам берүүнү каалагандар 1227 номерине чалып же Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 40, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна кайрылышса болот.

Пикир

Оставить комментарий