• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Статистика: Бүгүн дагы 308 адамдан COVID-19 табылып, 7 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2-майга карата коронавирус дагы 308 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 203, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 62, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 258 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 142, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 85, Ош облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 23, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 2 жана Ош облусунда – 1 бейтап каза болду. Жалпы каза болгондор – 1 миң 619 адамга жетти.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 496 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 238 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 46 бейтаптын абалы орто оордукта, 369 адамдын абалы оор жана 78 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 447 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 369 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп кошумчалады министрдин биринчи орун басары.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 96 миң 60 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 89 миң 719 киши айыгып чыкса, 1 миң 619 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий