Базар-Коргон ооруканасынын жылытуу системасы модернизацияланды

Аймак 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон жалпы дарыгерлик практика борбору альтернативдик көмүр менен жылытууга өттү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Фондон белгилешкендей, жылытуу системасын толук реконструкциялоого 14 млн сом сарпталды.

Белгиленгендей, жылытуу системасы модернизацияланып, жаңы көмүр казандары орнотулуп, узундугу 2800 метр жылуулук трассасы салынды. Бул чаралар жыл сайын жылытууга кеткен чыгымдарды 8 млн сомдон 750 миң сомго чейин азайтууга мүмкүндүк берет.

Бошотулган каражаттар башка муктаждыктарды канааттандырууга багыттылат.

Жалпы дарыгерлик практика борборунун жылытуу системасынын өзгөчөлүгү - бул түтүктөрдүн, жылытуучу приборлордун жана үч заманбап буу казандарынын (бир резервдик) системасы.

Мындан тышкары, жылытуу системасынын маанилүү бөлүгү катары мор орнотулган.

Борбордун альтернативдик көмүр жылытуу менен жалпы аянты 15 миң чарчы метрди түзгөн 21 имарат камсыздалат: төрөт үйү, чоңдор, балдардын соматикалык, инфекциялык бөлүмдөрү, хирургия, диагностикалык жана лабораториялык бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк медицина борбору, административдик жана чарбалык имараттар.

Пикир

Оставить комментарий