• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Базар-Коргон районунда 17 жайга арзан көмүр сатуу түйүнү уюштурулду. Дареги

Аймак 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Базар-Коргон районунун аймактарында жалпы 17 жайга арзын көмүр сатуу түйүндөрү уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, арзан көмүр сатуу түйүндөрү облус башчысынын тапшырмасына ылайык уюуштурулган.

Мында жергиликтүү тургундар көмүрдүн киллограмын 5 сомдон сатуп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Сатуу түйүндөрүнүн дареги:

- Акман айылы, К. Наимов көчөсү – 14, Ч.Жусупбаева көчөсү – 4;
- Арстанбап айыл аймагы, Рахим палван көчөсү, Ю.Исмаилов көчөсү;
- Базар-Коргон шаары, Дамлажанов көчөсү, Ч. Айтматов көчөсү, Аширалиев көчөсү, Ленин көчөсү;
- Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылы, Бешик-Жон айылы;
- Кеңеш айыл аймагы, И.Кыдыров көчөсү, Б.Бешбаков көчөсү;
- Могол айыл аймагы, Н.Укубаев көчөсү;
- Сейдикул айыл аймагынын С.Досов көчөсү;
- Талдуу-Булак айыл аймагынын Каба айылы, С.Матишев көчөсү.

Пикир

Оставить комментарий