• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көчөлөр иретке келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көчөлөр иретке келтирилүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардын борбордук бөлүгүндөгү Жусупбек Бакиев, Түмөнбай Байзаков проспектиси, Баяман Эркинбаев жана Нагима Айтматова көчөлөрүндөгү унаа токтотуучу жайлар жоюлуп, унааларды жана коомдук транспортторду токтотууга тыюу салынды.

Бул багытта жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн инспекторлор бир жумадан бери иш алып барып жатышат. Ошондой эле Жусупбек Бакиев көчөсү менен Баяман Эркинбаев көчөлөрүнүн кесилишинде турган бир катар маршруттук каттамдар “Манас” автобекетине жылдырылды.

Бул аракеттердин баары шаардагы унаа тыгындарын жоюу, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий