• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине киргенине 15 жыл толду

Аймак 0

Бишкек, 30.03.24. /Кабар/. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде Сулайман-Тоосунун ЮНЕСКОнун тизмесине катталгандыгынын 15 жылдыгына жана туристтик сезондун ачылышына арналган "Сулайман-Тоо - Улуу Жибек Жолунун боюндагы маяк" аттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ЮНЕСКОнун, туроператорлордун, жогорку окуу жайлардын, мейманканалардын, консулдуктардын өкүлдөрү, туризм тармагында кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер катышты.

Иш-чарада Сулайман-Тоосунун ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан биринчи болуп катталгандыгы, анын мааниси жана тарыхый орду тууралуу көргөзмө ачылып, “Дүйнөлүк мураска айланган Сулайман-Тоонун туристтик потенциалы” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Анын алкагында катышуучуларга туризм тармагында аткарылып жаткан жумуштар жана келечектеги пландар боюнча маалыматтар берилип, талкуу жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, өнөрпоздордун катышуусундагы концерттик программа жана туроператорлордун жарманкеси уюштурулуп, Сулайман-Тоодогу тарыхый маданий эстеликтерине экскурсия өттү.

Пикир

Оставить комментарий