• 87
  • 90.64
  • 0.85

Базар-Коргон районунда 275 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 06.05.23. /Кабар/. Кечээ, 5-майда Базар-Коргон районунун Чоң-Курулуш айылында 275 орундуу мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, саамалыкка президентин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков, жергиликтүү бийлик, мектеп жамааты жана айыл тургундары катышты.

Аталган билим берүү мекемесинин имараты 1993-1994-жылдары ашар жолу менен курулган. Азыркы учурда эскилиги жеткен мектепте 334 окуучу билим алууда. Аталган маселени чечүүдө мекеменин жаңы имаратынын курулушу башталды. Ал республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 155 млн 418 миң сомго бааланган.

Ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүүлөрдү куттуктап, билим уясынын курулушун өз мөөнөтүндө, сапаттуу жүргүзүлүшү көзөмөлгө алынаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий