• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Экономика министрлиги коррупциянын алдын алуу боюнча стратегиялык иш-аракеттер планын иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 06.05.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан 2023-2025-жылдарга министрликтин системасындагы коррупциянын алдын алуу боюнча стратегиялык иш-чаралар планы иштелип чыккан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, план коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыкты.

Министрликтин 2023-жылдын 4-майындагы буйругу менен бекитилген план аны квартал сайын өз убагында жана сапаттуу аткарууну, ошондой эле министрликтин ведомстволук бөлүктөрү жана аймактар аралык башкармалыгы тарабынан ушул планга ылайык 2023-2025-жылдарга коррупциянын алдын алуу пландарына өздөрүнүн ведомстволук иш-аракеттерин иштеп чыгууну карайт.

План коммерциялык уюмдарда башкаруу процессинин айкындуулугун камсыз кылуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жана ишкерликти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү, министрликтин ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатуу, калктын ишеним деңгээлин, ошондой эле коррупцияга каршы билим берүү жана кызматкерлердин коррупцияга каршы жүрүм-турумуна көмөк көрсөтүү боюнча чараларды камтыйт.

Министрликтин ишмердүүлүгүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, «Министрликтеги коррупциянын деңгээлин жеке кабыл алуу» индексин жана Министрликке калктын ишеним индексин жогорулатуу Пландын түпкү максатынын көрсөткүчтөрү болуп саналат.

Пландын аткарылышына тышкы мониторинг КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңеши, жарандык коом, бизнес-ассоциациялар жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат. Планга ички мониторинг жүргүзүү Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

Пикир

Оставить комментарий