• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда эң көп талкууланган маселелер жөнүндө айтып берди

Коом 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев маалымат жыйындын жүрүшүндө Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда эң көп талкууланган маселелер жөнүндө айтып берди.

Ал маалымдагандай, Конституциялык кеңешме эки жумадан бери иштеп жатат.

"Бул жумада сырттан бизге кайрылган жарандарды кабыл алдык. Алардын сунуштарын окуп чыктык. Айрымдарына чогулуштарда сүйлөгөнгө убакыт бердик. Бүгүнкү күндө чоң талкууга түшкөн маселелердин бири - бул эл бийлиги. Аны орнотуунун жолдору, шайлоо кандай болот деген маселе. Эл бийлигинин өкүлдүк органдарынын маселесин карап чыктык. Бул чоң маселе болду", - дейт ал.

Ошондой эле Бөрүбашев адам укуктары боюнча маселе кызуу талкуу жараткандыгын билдирди.

"Адам укуктары боюнча өтө көп сунуштар болду. Аларды окуп, секциянын мүчөлөрү өз сунуштарын айтышты", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий