• 87
  • 90.41
  • 0.84

Базар-Коргондо окуучулар арасында "Манас таануу" интеллектуалдык таймашы өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мектеп окуучуларынын арасында интеллектуалдык "Манас таануу" таймашы өттү.

Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага райондогу жалпы 40 мектептин окуучуларынан куралган коммандалар катышты.

Демилге Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Билим берүү жана илим министирлиги, президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссия, "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

"“Манас” эпосун өспүрүмдөр арасында кеңири жайылтууну максат кылган бул таймаш эң оболу жаш жеткинчектердин патриоттулук сезимдерин жогорулатууга багытталган. Мындан сырткары, балдардын тапкычтыгына, жигердүү ой жүгүртүүсүнө жана сөз байлыгын кеңейтүүнү көздөйт", - деп айтылат маалыматта.

Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунга №6 Бекмамат Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын "Коломто" тобу ээ болду.

Жеңүүчүлөр сынактын облустук туруна жолдонмо алып, райондук мамлекеттик администрация жана демөөрчүлөр тарабынан даярдалган диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий