• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Эртең, 15-февралда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ичүүчү суу “Таксомоторный” суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

"Эртең Элебесов жана Медеров көчөсүндөгү “Золотой дракон” ресторанында, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү оор атлетика боюнча спорттук мектебинде, Медеров көчөсүндөгү таксомотор жайында, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү администрциялык мекемеде суу жок болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий