• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Базар-Коргондо селден жабыркаган 20 трансформатор калыбына келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Базар-Коргондо селден жабыркаган 20 трансформатор калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.

Күн мурун, 23-июлда саат 18.00дөр чамасында катуу жааган жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Могол айыл аймагында сел жүргөн. Селден Арстанбап, Кош-Терек айылдарында 642 керектөөчүнүн электр энергиясы өчкөн.

Мындан улам 10 кВ Арсланбап фидер аварияга учурап, Базар-Коргон РЭТинин балансында 11, керектөөчүлөрдүн балансында 9 даана трансформатор жабыркаган.

Учурда трансформаторлорду калыбына келтирүү иштери жүрүп, жеринде 3 бригада, 4 даана атайын авто техникалар менен иш алып барууда.

Ошондой эле бак-дарактардын кулап түшүүсүнөн үзүлгөн аба чубалгылар калыбына келтирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий