• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Базар-Коргондогу сел. Эки айылга электр жарыгы толугу менен берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.07.24. / Кабар/. Базар-Коргон РЭТинин кызматкерлери Базар - Коргон районунун Арсланбап, Кош-Терек айылдарындагы 642 керектөөчүүнү электр жарыгы менен камсыздады.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, селдин кесепетинен бак-дарактар жыгылып, аба чубалгыларды үзүп кеткен. Натыйжада 10 кВ Арсланбап фидеринен чыккан аба чубалгы үзгүлтүккө учураган.

Мында 3 бригада 4 атайын автотехникалардын жардамы менен жабдууларды калыбына келтиришти.

Пикир

Оставить комментарий