• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Базар-Коргондогу сел каптаган аймактын 60 пайызы тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Базар-Коргондогу сел каптаган аймактын 60 пайызы тазаланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда Арстанбап айыл аймагына ӨКМден 90 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 554 кызматкер тартылып, сел каптаган аймактардын 60 пайызы тазаланып бүткөрүлдү.

Мындан сырткары, 14 инженердик техника, 13 атайын техника тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.

Сел суулары каптаган 9 турак жайдын ээлерине Кызыл Ай коому тарабынан гигиеналык каражаттар таратылып берилүүдө.

Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов координациялык жумуштарын жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий