• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Базар-Коргондун Көк-Тонду айылында жолго асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Көк-Тонду айылында жолго асфальт төшөлдү.

Парламенттен билдиришкендей, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев менен бирге жаңыдан пайдаланууга берилген ички жолдун абалын көрүп, жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты.

2 чакырымдан ашыгырак айылдын ички көчөсүнө республикалык бюджеттин эсебинен асфальт төшөлгөн. Жергиликтүү тургундар инфраструктураны оңдоп, жол салуу ишин колго алган бийлик өкүлдөрүнө жана салым кошкон Жогорку Кеңештин депутатына ыраазычылык билдиришти.

Айбек Алтынбеков соңку жылдары мамлекет өз жарандарынын турмуш шартын оңдоого, айылдардын инфраструктарасын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, анын бир мисалы катары тоо койнундагы ушул айылдын ички көчөсүнүн асфальтталышы менен байланыштырды.

Тилек Текебаев жол куруу иштери президенттин тапшырмасына ылайык айылдардын ички көчөлөрүнө чейин жеткенин белгилеп, облус аймагында аткарылып жаткан иштер боюнча учкай маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий