• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бажы кызматы 2022-жылдын биринчи кварталында 14,2 млрд сом чогултту

Экономика 0


Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 2022-жылдын январь-март айларында 14,2 млрд сом чогултту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын үч айына бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 14,5 млрд сом деп бекитилген. Болжолдуу аткарылышы 98,1 пайыз же 268,4 млн сомго аз жыйналды, анын ичинде:

- пошлинасыз бажы төлөмдөрү - 10,6 млрд сом, бул бекитилген болжолдуу көрсөткүчтөрдүн 112,7 пайызын түздү же 1,2 млрд сомго көп чогултулду;

- ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алынган пошлина – 3,6 млрд сом, бул болжолдуу көрсөткүчтөрдүн 71,2 пайызын түздү же 1,5 млрд сомго аз түшкөн.

“Ошол эле учурда 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 5,8 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 168,3%ды түздү”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий