• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бажы кызматы 2024-жылга коюлган планды ашыгы менен аткарды – Исабеков

Экономика 0

Бишкек, 31.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 2024-жылга коюлган планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, Бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 24-декабрына карата 123 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултту. Мамлекет тарабынан бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча 2024-жылга 117 млрд сом өлчөмүндөгү план бекитилип берилген, план ашыгы менен аткарылып, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 млрд сомго көп чогултулду.

“Бул албетте, жалпы эмгек жамааттын күжүрмөн эмгегинин натыйжасы. Мындай натыйжаларга жетүү үчүн Бажы кызматы бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарындагы кубаттуулукту жогорулатуу, санариптик чечимдерди киргизүү, аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү, коррупциялык схемаларды жоюу боюнча комплекстүү иштерди жүргүздү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий