• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Улуттук банк коммерциялык банктарга кредиттик тобокелдикти 300%га чейин жогорулатууну тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 11.03.22. / Кабар/. Чет өлкө валютасында жаңыдан берилген насыялар боюнча банктар кредиттик тобокелдиктин деңгэли боюнча учурдагы 150 эмес, 300% өлчөмүндө болушу керек, деп билдирет Улуттук банк.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Улуттук банк башкармасы банк системасынын финансылык туруктуулугун сактоо, финансылык рынокто жагдайды турукташтыруу жана банктардын операциялык ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо максатында, "КР Улуттук банкынын коммерциялык банктардын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө" токтомун кабыл алды.

Аталган токтом менен коммерциялык банктардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын айрым талаптары кайра каралды.

“Мында банктар Улуттук банк башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин, чет өлкө валютасында жаңыдан берилген кредиттерди колдонуудагы 150 пайыздын ордуна 300 пайыз өлчөмүндө кредиттик тобокелдик деңгээли боюнча белгилөөсү зарыл.

Мындан тышкары, банк системасында ликвиддүүлүктү сактоо жана акча каражаттарын сактоо мүмкүнчүлүгүн берүү максатында коммерциялык банктарга банк-резиденттер менен чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча корреспонденттик мамилелерди түзүүгө уруксат берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий