• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бажы кызматы детонаторлордун РФга реэкспорттолушу тууралуу маалыматты төгүндөдү

Коом 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы детонаторлордун Россияга реэкспорттолушу тууралуу маалыматты төгүндөдү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

"Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "24 kg" маалымат агенттигинин “Мухтар Аблязов Кыргызстандын биринчи адамдарына карата жеке санкцияларды киргизүүгө чакырды” деген аталыштагы макаласы боюнча Мухтар Аблязовдун Россия Федерациясына детонаторлорду реэкспорттоо тууралуу берген маалыматы чындыкка дал келбейт деп билдирет. МБКнын маалымат базасына ылайык аталган детонаторлор КР тоо-кен иштетүүчү компаниялардын атына өндүрүштүк максаттар үчүн ташып киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, бажы кызматы РФга санкциялардан айланып өтүүгө жардам берип жаткандыгы тууралуу маалымат жалган жана провокациялык болуп саналат.

Бажы кызматы өзүнүн ишмердигинде КР Конституциясын, КР мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктардын жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, КР катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

ЕАЭБ бажы кодексине ылайык, реэкспорт бажы жол-жобосу ЕАЭБдин аймагынан үчүнчү өлкөлөргө ташып чыгууну түшүндүрөт жана макалада көрсөтүлгөн товарларга карата колдонууга мүмкүн эмес.

Жогоруда берилгендердин негизинде, Мамлекеттик бажы кызматы Мухтар Аблязовду коомчулукту жалган, далилдери жок маалымат менен жаңылтпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий