• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бакыт Төрөбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Жолугушууда тараптар энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, көзөмөл өткөрүү бекеттеринин ишин оптималдаштыруу, соода-логистикалык борборлорду түзүү жана айыл чарба продукцияларын экспорттоо, кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушууларын уюштуру сыяктуу бир катар маселелерди талкуулады.

Ошондой эле тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда “Бедел” көзөмөл өткөрүү бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.

“Жакын арада Кытайга мамлекет башчысынын мамлекеттик сапары жана министрлер кабинетинин төрагасынын иш сапары болору күтүлүүдө. Ошол себептүү биз болжолдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алуубуз керек. Сапарлардын жыйынтыгында кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлөт деп ишенем”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Пикир

Оставить комментарий