• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Дайырбек Орунбеков: Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз

Коом 0

Бишкек, 11.05.23./Кабар/. Интернетте Жетим-Тоого байланыштуу туура эмес маалыматтар тарап жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымына караганда, соцтармактар аркылуу “Бийлик Кытайга болгон карыздын ордуна Жетим-Тоону соодалап, тагдырын чечип коюптур” деген чындыкка дал келбеген, элди козутууга максатталган чагымчыл чакырыктар жарыяланууда.

"Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз. Бир пайызы дагы бирөөгө берилбейт. Кенди иштете турган каржы дагы аныкталган, мамлекет темир завод куруп, жумушчулардын курамы дагы жергиликтүү элден алынат. Бир дагы чет өлкөлүк компания кирбейт. Жетим-Тоо кени, Кумтөрдөн дагы көп киреше алып келе турган долбоор. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат, бүтсө казуу иштери башталат", – деди ал.

Орунбеков жалган маалыматтар менен элди козутуп, атайы чагымчыл жасоо аракеттерине мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

Пикир

Оставить комментарий