• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө жана Бишкекте "Жеңиш ырлары" автожүрүшү болуп өттү – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Күн мурун Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мемориалдык-эстеликтери жайгашкан жерлеринде "Жеңиш ырлары" автожүрүшү болуп өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана ооруктун эмгекчилерине арналып уюштурулган.

"Жеңиш ырлары" автожүрүшү саат 10.00дө Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюу менен башталып, төмөнкү маршрут боюнча уланды - Бишкек шаары - Новопокровка айылы – Ысык-Ата районунун Түз – Бозбармак айылдары жана Кант шаары.

Жогоруда аталган ар бир айылда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына орнотулган эстеликтерге гүлчамбарлар коюлду.

Ысык-Ата районунун Бозбармак айыл аймагында митинг өтүп, гүлчамбарлар коюлгандан кийин "Жеңиш ырлары” автожүрүштүн катышуучуларына, конокторго жана жаштарга жоокердин боткосу берилип, чакан концерт уюштурулду.

Иш-чара Бишкек шаарындагы Өчпөс оттун жанында Жеңиш аянтында аяктады.

Пикир

Оставить комментарий