• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2021-жылдын февралынан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстанга 233 адам кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. 2021-жылдын февралынан бери гуманитардык миссиянын алкагында Сирия жана Ирактан Кыргызстанга 233 адам кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин биринчи конференциясында билдирди.

Анын айтымында, 233 адамдын 184ү балдар болсо, 49у аялдар.

Белгилей кетсек, Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин биринчи конференциясы өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий