• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жыл башынан бери Ош облусуна республикалык бюджеттен 777,4 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Финансы министрлиги 2023-жылдын 8 айына карата Ош облусуна республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, бул аралыкта облус боюнча бюджеттер аралык трансферттер катары 777,4 млн сом каражат бөлүнгөн, алар:

  • Теңдөөчү трансферт - 627,1 млн сом;
  • Ыйгарым укуктарды берүүгө -46,3 млн сом;
  • Электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга - 16,3 млн сом;
  • Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга - 19,2 млн сом;
  • Айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 68,5 млн сом,

Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча 211 объектке 1,18 млрд сом бөлүндү.

Пикир

Оставить комментарий