• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

“Айыл банк” менен “Кыргызстан” банктары айыл чарба тармагында санариптик банк продуктуларын иштеп чыгууга грант алышат

Экономика 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 2021-жылдын 14-апрелинде КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн жана “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорунун алкагында айыл чарбасындагы санариптик инновациялык финансылык продуктуларды иштеп чыгуу боюнча конкурстук сунуштардын жеңүүчүлөрү болгон “Айыл банк” жана “Кыргызстан” банктарынын бирикмесинин ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууларга кол коюу аземи өткөрүлдү.

Грант жөнүндө макулдашууларга кол коюу аземине ИФАД БУУ, IFC, РКӨФ, КР Улуттук банкынын, коммерциялык банктардын, микрокредиттик компаниялардын, Финансы министрлигинин, Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин, ар кандай каржы уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

“Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоору тарабынан берилип жаткан каражаттар агроөнөр жай комплексинин өкүлдөрү менен электрондук мамилелерди өнүктүрүүгө жардам берген банктык санариптик финансылык продуктуларды иштеп чыгууну жарым-жартылай каржылоого жумшалат.

Кол коюлган макулдашууларга ылайык, "Кыргызстан" банктарынын бирикмесине наркы 8 млн 459 миң 009 сомду түзгөн долбоорду иштеп чыгууга 4 млн 226 миң 061 сом, "Айыл банкына" наркы 14 млн 875 миң сомду түзгөн электрондук финансылык продуктуну даярдоо үчүн 4 млн 250 миң сом берилет.

"Кыргызстан" банктарынын бирикмесинин “Кампа тилкаттарынын негизинде каржылоо” деп аталган сунушу айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө, сатуучуларга, кайра иштетүүчүлөргө жана экспорттоочуларга кампа запастарынын негизинде кредит алууга мүмкүнчүлүк берет. Кампанын оператору товарларды сактоого кабыл алууда, кредит алууда күрөө катары колдонула турган күбөлүк берет.

"Айыл банктын" “Кошумча нарк тизмекчелеринин субъекттери үчүн онлайн соода-логистикалык платформасы” деген аталыштагы сунушу жергиликтүү рыноктогу адилеттүү соода жүргүзүлгөн ири айыл чарба платформасын иштеп чыгууну, фермерлерди республиканын бардык аймактарындагы, КР менен тыгыз соода байланыштагы ЕАЭБ мейкиндигиндеги, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү өнөр жай жана соода ишканалары менен байланыштырууну көздөйт.

"Кыргызстан" банктарынын бирикмеси менен түзүлгөн макулдашууда каралган инновациялык продуктуну иштеп чыгуунун максималдуу мөөнөтү - 10 ай, башкача айтканда, грант алуучу жаңы банк продуктусун 2021-жылдын 14-февралынан кечиктирбестен берүүсү зарыл, грант алуучу жаңы банк өнүмүн, ал эми "Айыл банк" менен түзүлгөн макулдашууда - ​алты ай ичинде же 2021-жылдын 14-октябрына чейин берилүүгө тийиш.

“Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоору айыл чарба ишкерлеринин кредиттик каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, банктар менен кредит алуучулардын ортосундагы мамилелерди модернизациялоо, финансылык кызматтарды көрсөтүү процессинин сапатын жогорулатуу жана жөнөкөйлөтүү, экономикасы өнүккөн санариптик айыл чарбасында колдонулган заманбап технологияларга жакындоо зарылдыгына байланыштуу агроөнөр жайк комплексин өнүктүрүү процессине финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдү тартууга кызыкдар”, - Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Тамчыбек Түлеев.

Долбоордун бул багытында Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагында мурда болбогон жана инновациялык болуп эсептелген санариптик финансылык продуктуларды иштеп чыгуу үчүн коммерциялык банктар, кредиттик бирикмелер, камсыздандыруу компаниялары жана башка финансылык мекемелер ишке тартылат. Конкурстук программанын алкагында гранттык сунуштун 50% өлчөмүндөгү, бирок 50 миң АКШ доллардан ашпаган гранттар каралган.

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн сунуштары төмөнкү чечимдерди камтышы мүмкүн, бирок алар менен чектелбейт:

  • Кампа тил каттарынын (товардык дүмүрчөктөрдүн) негизинде каржылоо, майда менчик ээлерине каржы институттарынан кредит алууда, сакталуучу продукцияны кепилдик катары колдонууга жана мыкты рынокту тандоо же баанын өсүшүн күтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга мүмкүндүк берет.
  • Кандайдыр бир продукциянын кошумча нарк тизмекчесинин алкагында каржылоого жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн санариптик инструменттерди колдонуу:
  • өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулардын ортосундагы мамилелерди санариптештирүү;
  • каржылык жана каржылык эмес кыйла кеңири мамилелерди (мисалы, өндүрүүчүлөр, сатып алуучулар, ресурстарды жеткирүүчүлөр жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн ортосундагы мамилелерди) санариптештирүү;
  • четтетилген майда фермерлерди акырындык менен кошумча нарк тизмекчелерине киргизүү үчүн санариптик инструменттерди колдонуу (мисалы, майда менчик ээлерине продукциянын сапатын жана ишенимдүүлүгүн арттырууга, сатып алуучу менен байланышты жеңилдетүүгө, ошондой эле бул байланыштарды финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири топтомуна жеткиликтүүлүктүү жакшыртууда колдонууга көмөктөшүүчү технологиялар);
  • фермерлердин каржы ресурстарына жеткиликтүүлүгүн көбүрөөк камсыздай алган башка инновациялык финансылык продуктулар, мисалы, финансылык сабаттуулук боюнча программалар.

2019-жылдын июлунда жарыланган программанын биринчи этабында финансылык сектордогу 8 компаниядан 12 сунуш кели түшкөн. Конкурстун экинчи этабы 2020-жылдын 29-октябрында жарыяланып, 11 финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдөн 12 сунуш келип түшкөн; бул этаптын жыйынтыктары белгилүү убакыттан кийин жалпыга маалым болот. Үчүнчү этап бүгүн, 2021-жылдын 14-апрелинде өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жүрүшүндө жарыяланат.

“Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоору жөнүндө

“Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоору Кыргыз Республикасында 2018-2023-жылдары ишке ашырылып, IFAD – Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду, БУУнун атайын агенттиги тарабынан каржыланат.

Долбоор үч компоненттен турат:

1-компонент: Мал чарба продукциясынын кошумча нарк тизмекчесин өнүктүрүү

Компоненттин милдети – кошумча нарк тизмекчесине катышуучулардын арасындагы натыйжалуу байланышты жана өнөктүк мамилени колдоо, заманбап технологияларга жеткиликтүүлүктү камсыздоо, чийки заттарды даярдоо жана жеткирип берүү үчүн талап кылынуучу температуралык режимдин системасын жакшыртуу.

2-компонент: Мал чарба продукциясынын кошумча нарк тизмекчесин каржылоо

Компоненттин милдети – тышкы кредиттик линияларга жеткиликтүүлүктү камсыздоонун, инновациялык финансылык продуктуларды иштеп чыгуунун жана киргизүүнүн эсебинен кошумча нарк тизмекчесине катышуучулардын кирешелерин көбөйтүү.

3-компонент: Кыргызстандын мал чарбасындагы санитардык системаны модернизациялоо

Компоненттин милдети – Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы ветеринардык-санитардык системанын негизги мамлекеттик жана жеке рычагдарын чыңдоо.

Инновациялык финансылык продуктуларды иштеп чыгуу боюнча конкурстук гранттык программа “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорунун экинчи компонентинин алкагында ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий