• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Бажы кызматы январга карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча планды ашыкча аткарды

Экономика 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматы 2022-жылдын январь айына карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча планды ашыкча аткарды.

Бажы кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 4,926 млрд сомду түздү.

2021-жылдын январь айына салыштырмалуу түшүү 2,946 млрд сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 111,3% түздү, 2020-жылдын апрелине карата 2,208 млрд сомго, же өсүү темпи 248,8% түздү. Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 146,6%га аткарылган же 1,566 млрд. сомго көп чогултулган.

Пикир

Оставить комментарий