• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Материалдык чыгым 900 миң сом. Өзгөн районунда мал уурдаганга шектелип төрт киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Өзгөн РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1-февралда Өзгөн районунун аймагында жайыттан жоголгон 10 баш бодо малды уурдоого шектелген төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, кылмышка шектүүлөр Өзгөн районунун тургундары 30 жаштагы Х.Ш., 22 жаштагы С уулу З., 30 жаштагы М.М., жана 28 жаштагы М.С., экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз кылынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн факт Өзгөн РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин ("уурулук") кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалым болгондой, милицияга 2021-жылдын 31-декабрында Өзгөн районунун 43 жаштагы Э.А., аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арыз ээси 10 баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин, материалдык чыгым 900 миң сомду түзгөндүгүн айткан.

Учурда кылмышка шектүүлөр Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, малдардын ордун толтуруу боюнча жана шектүүлөр тарабынан башка кылмышка катыштыгы бардыгын тактоо максатында тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий