• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Таласта өспүрүмдү зордуктоо фактысын жашырып, пара алган милиционердин иши сотко өттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.23. /Кабар/. Таласта өспүрүм кызды зордуктоо фактысын жашырып, пара алган милиционердин иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында Талас РИИБнин айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Ю.А. өспүрүм кыздын айылдашы тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө маалыматты алып, тез арада мыйзам чегинде чара көрүүнүн ордуна, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүүнү чакырып, андан 70 миң сом өлчөмүндө пара алып, жогорудагы өзгөчө оор кылмышты жаап-жашырган.

Талас облусунун прокуратурасы бул жаап-жашырылган өзгөчө оор кылмышты аныктап, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси Ю.А.ны камакка алган, ал Кылмыш-жаза кодексинин 342 (пара алуу) жана 367 (кылмышты жаап-жашыруу) беренелери менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Учурда тергөө аяктап, иш соттун кароосуна жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий