• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ССМ санариптик медициналык сүрөттөрдү бир тармакка бириктирет

Ден соолук 0

Бишкек, 21.06.23./Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги облустук бириккен ооруканаларда орнотулган 5 компьютердик томографты санариптик медициналык сүрөттөрдүн бирдиктүү тармагына туташтырууну аяктоодо.

Ведомстводон билдиришкендей, бул демилгенин негизги максаты – кийинчерээк сүрөттөрдү баяндоо үчүн медициналык сүрөттөрдү бөлүшүүнү жеңилдетүү. Мындай ыкма аймактардан келген бейтаптардын диагноз коюуга жана тиешелүү дарылоону баштоого жетишүүсүн кыйла жеңилдетет.

"Санариптик саламаттыкты туруктуу өнүктүрүү жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизи болуп саналат. Биз “маалымат бейтапты ээрчийт” принцибин ишке ашырышыбыз керек жана бул демилге бул багыттагы дагы бир кадам", - деди саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Жогорку квалификациялуу дарыгерлери бар алдыңкы улуттук борборлор алардын жумуш профилине дал келген КТдан алынган санарип сүрөттөрдү баяндоо менен алектенишет. Бул натыйжаларды чечмелөөнүн сапатына жана тактыгына кепилдик берет.

Ошондой эле санариптик медициналык сүрөттөрдү сактоонун бирдиктүү тутумун түзүү медициналык тармактагы студенттерди окутуу, иштеп жаткан дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен сүрөттөрдү баяндоодо дарыгерлерди колдоого мүмкүндүк берет.

Санариптик медициналык сүрөттөрдү бир тармакка бириктирүү маалымат алмашуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана каржылык чыгымдарды азайтууга жардам берет. Бул ар кандай мекемелердин ортосунда медициналык сүрөттөрдү өткөрүүгө жана алууга кеткен убакытты кыскартат жана кам көрүү үчүн керектүү маалыматтарга тезирээк жана так жетүүгө мүмкүндүк берет.

"Бул демилге өлкөнүн саламаттык сактоо системасын жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат. Бул диагностиканын жана дарылоонун сапатын жогорулатууга, медициналык адистерди окутууга жана медициналык ишмердүүлүк жаатындагы чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий