• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга кытай жаранын мыйзамсыз киргизүүгө аракет жасагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. “Торугарт – унаажол” көзөмөл пунктунда чек арачылар Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мамлекеттик чек араны бузган адамды кармашты.

Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 1986-ж.т. А. уулу Т., аттуу кыргыз жараны “Renault Premium” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга келген.

Унаасынын ичине 1996-ж.т. кытай жаранын алып келген.

Инспектордук-текшерүү пунктуна келгенде айдоочу кытай жаранын унаадан түшүргөн. Ал жерге түшүп жашынууга аракет кылган. Чек ара кароолчулары көзөмөл пунктунда кыймылды байкап калып, аны кармашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин экөө тең УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий