• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Сирияга баруу максатында чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдиктер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек 15.03.22. /Кабар/. Сирияга баруу максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 13-мартында УКМК Кыргызстанга мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын корголуучу мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен Жалал-Абад шаарынын аймагынан Борбор Азия мамлекеттеринин биринин эки жараны кармалды. Маалым болгондой, кармалгандар мурда терроризм боюнча соттолгон жергиликтүү тургун менен жашынып жүргөн.

Маалыматка ылайык, кармалгандар Кыргызстанга келгенден кийин Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга эл аралык террористтик уюмдардын катарына кошулуу максатында өздөрүнө Кыргызстандын паспортторун жасоого аракет кылышкан.

Азыркы учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат, кармалгандар Жалал-Абад шаарындагы тергөө камак жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий