• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бажы кызматында иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү боюнча окутуу өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3-августунан 11-августуна чейин Мамлекеттик бажы кызматында иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү боюнча окутуу өткөрүлдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, окутууларТүштүк-Батыш бажысынын, Адистештирилген окутуу бажысынын жана Борбордук аппараттын базасында өткөрүлдү. Курстун негизги максаты – өлкөнүн бажы кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

Окутуулар ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулуп, жалпысынан 47 бажы кызматкер окуудан өтүп, жыйынтыктоочу тесттин негизинде сертификаттарды алды.

Пикир

Оставить комментарий