• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте тиешелүү уруксат кагазы жок көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду

Коом 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Бишкектин 27-линия көчөсү, 28б дарегинде тиешелүү уруксат кагазы жок көп кабаттуу үйдүн курулушу аныкталып, курулуш иштери токтотулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, үйдүн курулушу Бишкек шаары боюнча архитектура курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан токтотулду.

Ошондой эле курулушка уруксат берүү документтерин көрсөтүү талабы менен "Алим Капитал" ЖЧКсынын өкүлүнө эскертүү берилди.

Эскертүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө уруксат документтери берилбесе, материалдарды сот органдарына өткөрүп берүү менен айып салынат.

Пикир

Оставить комментарий