• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бажы тутумуна кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, 21 кызматкер иштен алынды

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынди кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, 21 кызматкер иштен бошотулду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматтык иликтөө КР президентинин "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамынын алкагында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштердин артыкчылыктуулугу жана күчөтүлүшү бөлүгүндө көрсөтмөсүн аткаруу максатында жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгы менен бажы органдарынын кызматкерлери тарабынан одоно тартип бузуу фактылары жана коррупциялык укук бузуу фактылары аныкталган.

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" КР мыйзамына ылайык бажы кызматынын кадыр-баркын кетирүүчү кызматтык тартипти одоно бузгандыгына, ишеним жоготкондугуна байланыштуу 21 кызматкер (инспектордон жетекчиликке кызмат ордун ээлегендерге чейин) иштен бошотулуп, 13 кызматкерге катуу тартиптик чара көрүлгөн.

Кызматтык териштирүүнүн материалдары укуктук баа берүү жана маңызы боюнча чара көрүү үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий