• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Судьялар кеңеши үч судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизди

Коом 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Судьялар кеңеши үч судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизди. Бул тууралуу Судьялар кеңеши билдирет.

Маалыматка ылайык, Судьялар кеңеши тарабынан Талас облустук сотунун судьялары Акбаров Шакирали Айтбаевичтин жана Ботоев Ильяс Кулубаевичтин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2024-жылдын 1-мартында аяктагандыгына байланыштуу судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн президентке сунуштар киргизилди.

Ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы Асылбашев Данияр Куванычбековичтин ээлеген судьялык кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылды.

Судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш президентке жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий