• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Аба ырайы: кар жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.01.18 /Кабар/. Бишкек шаарында 3-4-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидромет билдиргендей, жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. 5-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Ал эми Ош шаарында 3-январда жана 4-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. 4-январда күндүз жаан жаашы күтүлөт. 5-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Республиканын аймактарында 3-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. 4-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 5-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Пикир

Оставить комментарий